Lexus утуп, $50 миңге сатылбаган аргымактар/ Көркөмү көз тайгылтып, туягынан чаң чыгат
Бул чыгарылышта 50 миң долларга сатылбаган аргымак жана аламан улактан Lexus 470 уткан "Хан" аттуу тулпар менен тааныштарыбыз. Ошондой эле үйдөн да "укмуш" болуп салынган сарайды да көрсөтөбүз.
1-февраль күнү Сокулуктагы "Мурас АС" жылкы чарбасында мен-мен деген жылкылардын көргөзмөсү болду. Сынакка тай, кунан, бышты жана байталдардан тарта асыл тукум жылкылардын түрлөрү катышты. Оор салмактагы көркөмү көз тайгылткан аргымактарды, аламан улакта чабылчу туягынан чаң чыккан тулпарларды да көрө алдык. Мыкты делген жылкыларды калыстар баалап алдыңкы үч орунга байгелерди ыйгарышты.