Кайратың тоону бузса да
Кашыгың көлдү сузса да,
Оозуңдан чыккан сөзүңө
Зоо куланып учса да,
Эл менен сен бийиксиң
Элден чыксаң кийиксиң...
Кабарың күнгө кетсе да
Жылдызга колуң жетсе да?
Жараткандын дүйнөсү
Бүт колуңа өтсө да
Эл менен сен адамсың
Элден чыксаң жамансың!!!