MENU

Fun & Interesting

Чыныбай Турсунбеков фонду

Чыныбай Турсунбеков фонду

Чыныбай Турсунбеков атындагы фонд 2020-жылы негизделген. Акын, котормочу, ишкер, филология илимдеринин кандидаты, "Акун" компаниясынын түптөөчүсү, мамлекеттик ишмер жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагасы Чыныбай Турсунбековдун ысымын алып жүрөт.

🔸Фонд үч багытта иштейт:
—кыргыз адабияты;
—кыргыз поэзиясы;
—билим берүү тутуму.

🔹Фонддун максаты:
кыргыз тили жана адабияты жаатында илимий изилдөөлөр менен алектенген жаш окумуштууларга колдоо көрсөтүү. КРнын маданий мурасына салым кошкон, кыргыз адабиятындагы чыгармалардын жаш таланттуу авторлорун колдоо.

🔸Бул максаттар үчүн фонд сыйлыктарды, стипендияларды жана сыйлоонун башка түрлөрүн белгилейт; жаштардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттырууга, маданий жактан өнүктүрүүгө багытталган ар кандай фестивалдарды, балдар жана жаштар лагерлерин, конкурстарды уюштурат.

🔹Фонд алдыга койгон максаттарына жетүү үчүн жаштар арасында кыргыз поэзиясы жана адабияты боюнча түрдүү сынактарды уюштуруп келет.