#мектеп #курулуш
Новопавловка айылындагы Чыңгыз Айтматов мектебинин 500 орундуу кошумча корпусу салынып жатат. Бюджеттен ага 62 млн. сом бөлүнгөн. Бирок курулуштун сапаты жакаңызды карматат.
Белгилей кетсек, бул мектепти куруп жаткан “Бийиктик инвест” компаниясынын директору Кубатбек Салиев 2021-жылы Таластагы “Чыңгыз ордо” комплексин сапатсыз куруп, акча кымырган деп УКМК тарабыган кармалган экен. Анда Таластын капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси экөө 6 млн. сомду сол чөнтөккө сологон деп шектелген. “Чынгыз-Ордонун” курулушуна да 62 млн. сом каралган эле.
Жарнама жана кызматташуулар боюнча байланыш: 0998 400 180
Көйгөйлүү маселеңиз болсо журналист Эламан Карымшаковго кайрылыңыз: 0556400180