Подкаст Аскат Жетиген камакка алынаардан мурда жазылган.
УКМК ырчы, комузчу, акын Аскат Жетигенге "бийликти басып алууга чакырык таштады", деген жүйө менен кылмыш ишин козгоп эки айга камакка алган учурда Аскаттын талантын баалагандар арбын экенине күбө боло алдык. Биз подкасттыбыздын бул чыгарылышында мына ошол Аскат Жетиген менен маектештик.
Маектин жүрүшүндө азыркы жаштардын маданиятын деколониалдык көз караштан талдап чыгууга терең сүңгүп киребиз. Бүгүнкү күндө жаштар кайда баратат жана алардын көз карашына жана каалоосуна кандай маданий тенденциялар таасир этет? Аскат Жетиген азыркы жаштардын улуттук музыкалык маданияттын калыптанышына кандай таасирин тийгизип жаткандыгы тууралуу өз байкоолору жана ой-пикирлери менен бөлүшөт.
Ошондой эле кыргыз тилин жана маданий мурастарын сактоо жана өнүктүрүү маселелерин терең козгойбуз. Музыка менен тил элдин маданий өзгөчөлүгүндө кандайча чырмалышкан? Аскат Жетиген бул маанилүү тема боюнча өз көз карашын айтып, музыка жана сөз аркылуу маданий мурастарды сактоо жана жайылтуу боюнча тажрыйбасы менен бөлүшөт.
Эң таланттуу замандашыбыз менен музыка, маданият жана иденттүүлүк дүйнөсүнө болгон бул кызыктуу саякатта биз менен болуңуз.
00:00-00:38 Тизер.
00:39-1:17 Саламдашуу.
1:18-3:38 Жаштар кайсыл багыт менен баратат?
3:39-7:11 Биз жаңы замандын балдарыбыз.
7:12-11:51 Союздун бийлиги аң сезимибизди талкалап жиберген.
11:52-15:56 Мен чертип жүргөн күүлөр бул кыргыздын тарыхы.
15:57-17:51Мен колониалдык түшүнүктөрдөн арылдым.
17:52-22:40 Мени НПОщниктер менен дос турбайсыңбы дешти.
22:41-28:23 Биринчи кезекте өзүңдү тааны.
28:24-37:59 Эл эмне дейт. Элдин балдары.
38:00-41:01 Мамлекеттик идеологиянын жоктугу.
41:02-45:21 Колониалдык доордогу кыргыз маданияты (Токтогул).
45:22-48:06 Орустарды жек көрүп чоңойдум.
48:07-51:36 Таяк менен башка чапкылап турган идеология.
51:37-52:12 Коштошуу
#аскатжетиген #колониалдыктүшүнүктөр #деколонизация