Подкастыбыздын жаңы чыгарылышында көрүнүктүү журналист, акын, котормочу жана публицист Жыргалбек Касаболотов менен бирге Кыргызстандагы тил саясаты тууралуу кызуу талкууга сүңгүп келебиз.
Маегибизде орус тилинин расмий макамы жана анын Кыргызстандын азыркы коомундагы ролу маселесин козгоп, ошондой эле бул макамды кайра карап чыгуу эмне үчүн зарыл экендигин талдайбыз. Котормолордун сапатсыздыгынын себептерин, тил саясатынын көйгөйлөрүн деколонизациянын көз карашы аркылуу ачып беребиз.
Коногубуз дүйнөгө кыргыз маданиятынын, тилинин көз карашы менен кароо эмне үчүн маанилүү экенине, тилдин колонизаторлук таасиринен чыгуу керектигине токтолот.
Өлкөбүздөгү тил саясаты, эне тилибиздин абалы туураалуу кененирээк билүү үчүн биздин маегибизге баш багыңыз.#жыргалбеккасаболотов #колониалдыктүшүнүктөр #тилсаясаты #орустилимакамы
00:00-00:47 Тизер.
00:47-1:08 Саламдашуу.
1:09-3:38 Биз дүйнөнү кыргыз көзү менен карашыбыз керек.
3:39-6:10 Кыргыз тилине которулган китептер.
6:11-8:57 Көрнөк жарнактарды которуудагы каталар.
8:58-11:30 Тина Канделакинин сөзү тууралуу.
11:31- 14:21 Орусияга көз карандыбыз деген актануубу?
14:22-19:31 Украинадагы согуштан алган сабак.
19:32-20:47 Жыргалбек Касаболотовго илинген ярлыктар.
20:48-26:26 Кыргыз жазма адабияты.
26:27-29:06 Адабият улуттун болуусунда чоң курал.
29:07-31:55 Тил комиссиясы кандай иштеп атат?
31:56-33:09 Тилди өнүктүрүүдө медианын орду.
33:10-39:25 Орус тилинин расмий макамын алып салуу керек.
39:26-41:10 Кыргыз тилдүү бала бакча, мектептер киреше алып келет.
41:11-43:17 Кызматка чакырса да барбайм.
43:18-48:08 Алдыдагы кадамдар. Маселени чечүү жолдору.
48:09-52:25 Мыйзам долбоорлорунун котормолорунун түшүнүксүздүгү.
52:26-53:54 Орусча кайрылуу жасаган министр.
53:55-55:35 Жоопкерчилик бийликте.
55:36-58:57 Коштошуу.