Көп кырдуу талант, жазуучу, сатирик, куудул, Кыргыз өлкөсүнүн маданиятына эмгек сиңирген ишмер Рахман Разыков 7-июнда коронавирус илдетинен улам дүйнөдөн кайтты. Күлкү чачкан, элди чындыкты көргөнгө чакырган, куудулдар театрынын түзүүчүлөрүнүн бири болгон көрүнүктүү инсаныбыз 66 жашында акка моюн сунду. Артында 3 уул, 3 кызы, жубайы калды. Эл күлкү тартуулаган гана куудулду билсе, жакындары ичиндеги сырларын, айтылбай калган ойлорун, сезимдерин, кыялдарын билишет эле. Алардын бири 37 жылдан бери жакын досу куудул Абдылда Иманкулов студиябызга келип, досу туурасында айтып эскерет.