Баткен районунун Бөжөй айылында элдик ашар менен курулган жаңы мечитке уруксат кагаздары берилбей жатканы боюнча жергиликтүүлөр бийликтин көңүл буруусун суранышты. Буга чейин пайдаланып келишкен эски мечит тар болуп калганын айтышууда. Мындан сырткары айылдын узундагы 9 чакырым болгондуктан, айылдын төмөн жагындагы тургундарга алыс жайгашып калган. мындан улам элеттиктер айылдын ортосуна мечит салууга аргасыз болушкан экен.