2000-жылы Жекшен Мамбеталиев Кочкор районунун кире беришиндеги айылдыктар акыр-чикир ыргытып, өлгөн малын да, итин да таштап кетчү таштанды талаасын алып өздөштүргөн. Жер таштак, кунарсыз болгондуктан бала-чакасы менен ташын терип, кара топурак алып келип төгүп бак өстүргөн. Ошентип 20 жыл эмгектенип отуруп эс алуучу жайга айландырган. Көзгө көрүнүп калган учурда Мамбеталиевди УКМКнын Нарындагы башкармалыгына чакырып "жериңизди өз ыктыярыңыз менен өткөрүп бериңиз" дегенин айтты. Ал колунда мамлекеттик органдардан берилген тийиштүү документтердин баары бар экенин билдирди. Мындан улам Жекшен ата "эмгегиме күйүп кетпейин, калыс карап бериңиз" деп Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады.