MENU

Fun & Interesting

Мөңгүнү эмнеге талкаладыңар? "Билбей калыптырбыз"/ "Кыргыз көмүр" менен элдин тиреши

Эламан Карымшаков 219,167 lượt xem 3 months ago
Video Not Working? Fix It Now

Бул ирет мөңгүнүн белин сындырып өтүп кеткен зоонун башынан чейин бардык. Жогору трибуналарда "экология" деп жан үрөгөн менен ары жакта талкалап жатышканын көрүп коюңуздар. "Кыргыз көмүр" ишканасы "биз билбей калдык, кытайлык инвесторлор бизди укпай талкалап салыптыр" деп жатат. Беш-алты чакырым жолду ушинтип казып кетүү мүмкүнбү? Долбоорго экологиялык корутундусу жок, Токой чарба "токтоткула" деп эскертсе да этибарга алышкан эмес.

Буга чейин Оштун Алай районундагылар арызданса, мында аларга кошулуп Кара-Суунун тургундары да чыкты. Анткени бул мөңгү жоголсо Ош облусу боюнча сууга зарыгып каларын айтышууда. Чыркыраган элдин үнү жогорку бийлик органдарына жетип, кимдир бирөө жоопко тартылабы? Кырдаалга көз салып туралы...

Comment